![Академик Мухаммаджан Мамасаидовдун 75 жылдыгына арналып илимий-практикалык конференция уюштурулду Академик Мухаммаджан Мамасаидовдун 75 жылдыгына арналып илимий-практикалык конференция уюштурулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2fafc257-daa3-47ad-b096-49086c7f6e03-1024x682.jpg)
12-апрель күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына арналган иш чаралардын алкагында Академик Мухаммаджан Мамасаидовдун 75 жылдыгына арналып “Санарип доорундагы фундаменталдык илимдердин өнүгүшүндөгү актуалдуу проблемалар жана перспективалары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, маарекелик иш-чарага М.Мамасаидовдун замандаштары, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү билим берүү жана илим изилдөө ишмердигин жүргүзүп жаткан жогоркуу окуу жайлардын көрүнүктүү илимпоздору, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, катышты.
«Иш-чараны КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, академик М.Мамасаидовдун өмүр таржымалы боюнча кыскача маалымат берди. Пленардык жыйындын алдында куттуктоо сөзүнө чыккан сыйлуу коноктор академик М.Мамасаидовдун илимдеги орду, уюштуруучулук чеберчилиги тууралуу кеп кылышты. Андан соң пленардык жыйын өз ишин баштап, конференциянын аталышына ылайык докладдар окулду»,- деп айтылат маалыматта.
Пленардык жыйындан кийин илимий-практикалык конференция секцияларда өз ишин улантты. Андан соң, конференция катышуучулары кайрадан пленардык жыйынга чогулуп резолюция кабыл алышты.