!["Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы бөлүмүнө 5 миң сом айып пул салынды "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы бөлүмүнө 5 миң сом айып пул салынды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/0da9ee93-ed42-42a7-be4c-1d51fea50265.jpg)
Министрлер кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды катоо боюнча агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнө (Унаа) мониторинг жүргүзүлүп, мониторингдин жүрүшүндө акы алып кызмат көрсөтүүдө POS-терминалдардын жана/же QR коддорунун жоктугу аныкталды. Жыйынтыгында аталган мекемеге Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 317-беренесинин 2-пунктуна ылайык 5000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-апрель күнү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде POS-терминалдардын жана/же QR коддорунун болушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды катоо боюнча агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнө (Унаа) мониторинг жүргүзүгөн.
«Мониторингдин жүрүшүндө акы алып кызмат көрсөтүүдө POS-терминалдардын жана/же QR коддорунун жоктугу аныкталды. Жыйынтыгында аталган мекемеге Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 317-беренесинин 2-пунктуна ылайык 5000 сом айып пул салынды»,- деп айтылат маалыматта.