!["Жамийла" улуттук мюзикли коюлду "Жамийла" улуттук мюзикли коюлду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/435304885_735650532060039_6229302243624590613_n-1024x683.jpg)
Бүгүн, 12-апрелде Ч. Айтматовдун “Жамийла” мюзикли Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында көрөрмандарга тартууланды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореография, вокал айкалышкан көркөм оюн.
Мюзикл 17-апрелге чейин уланат.