![Алдамчылык фактысы боюнча 59 жаштагы жаран кармалды Алдамчылык фактысы боюнча 59 жаштагы жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/3ba3b9b5-0936-4569-938a-3eb0e7c8c8e3.jpg)
Ошто жаранды 35 000 АКШ долларына алдап кеткендиги үчүн издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын 12-апрель күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектелип, издөөдө жүргөн Ош шаарынын 1965-жылы туулган М.Н. аттуу жараны кармалып, камакка алынды.
«Ал жабырлануучудан курулуш материалдарын алып келип берем деп 35 000 (отуз беш миң) АКШ долларын алып, из жашырып кеткен»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда.