![Кыргызстан Казакстанга дагы 150 тонна гумжардам жөнөттү Кыргызстан Казакстанга дагы 150 тонна гумжардам жөнөттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/f3916d9c-e7f7-455b-98a4-432ec2769852-1024x583.jpg)
Кыргызстан Казакстанга гумжардамдын экинчи партиясын кечээ, 14-апрелде жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кыргыз мамлекетинин башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакстандын суу каптоодон жабыркаган алыскы облустарына “Жардам кербенинин” экинчи партиясы жөнөтүлдү. 7 оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп барат.
«Жөнөтүлүп жаткан 150 тонна гуманитардык жардамда Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары – май, айран, быштак, өсүмдүк майы, кургак сүт, каймак, сыр бар. Экинчи жардам кербенине Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан каражат бөлүнүп, кыргыз эли да салым кошту»,- деп айтылат маалыматта.
Биринчи “Жардам кербенин” Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев 6-апрелде 15 оор жүк ташуучу унаадан турган 300 тонна жардамды узаткан.
Кербен 6000 чакырымга жакын жол жүрүп, Жамбыл – Чымкент – Түркестан – Актөбө – Атырау – Костанай – Орал (Уральск) жолун басып өтүшкөн. 13-апрелде түнкү саат 2:00дө Кыргызстанга кайтып келишкен.
Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей эл, 6000 жаш балдар эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4миңден ашуун жаран, анын 200дөй бала жайгашкан.