![Жарандарды коркутуп, акча опузалаган 6 жаран кармалды Жарандарды коркутуп, акча опузалаган 6 жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2e95c7db-79d0-4a79-89d3-a1d855463851-1024x668.jpg)
Кара-Сууда жарандардан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын 19-март күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын март айынын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта, Кара-Суу районунун “Достук” чек ара өткөрмө бекетинде такси кызматын көрсөтүп жүргөн убакта бейтааныш атуулдар ага карата зомбулук көрсөтөм деп коркутушуп, опузалап акча каражатын талап кылып жүргөндүгүн билдирген.
«Бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде 2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жарандарды системалык түрдө опузалап, коркутуп акча талап кылып жүргөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү башында турган кылмыштуу топтун иш-аракеттери байкалган»,- деп айтылат маалыматта.
Ош облустук, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жана УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 11-апрель күнү Ош шаарынын 1978-жылы туулган А.Ы, (уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат), 2000-жылы туулган К.Д., 1998-жылы туулган Т.уулу Ч., Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган А.Б., 1998-жылы туулган А.уулу А. жана 2001-жылы туулган М.З. аттуу тургундары кылмышка шектүү катары кармалышып камакка алынышты.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.