Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ок-дарылар сакталган жай аныкталды.
«Такталгандай, 2024-жылдын 14-апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы «Восход» дачалык кооперативинде жайгашкан жеке менчик тилкесинин аймагынан жерге көмүлгөн желим баштык табылган. Баштыктын ичин текшерүүдө, 9 мм. калибрдеги 108 даана ок-дары, ошондой эле Макаров маркасындагы тапанчанын 2 компоненти (магазин 8 ок-дарысы, стволду тазалагычтары) табылып алынган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте аталган ок-дарыларды сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.