![Кара-Сууда 5 жашар кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды Кара-Сууда 5 жашар кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/78_main-v1642161832-1024x597.jpg)
Иллюстрациялык сүрөт
2024-жылдын 15-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ош облусунун 1991-жылы туулган А.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 15-апрелинде эртең менен кызы 2019-жылы туулган С.Н. уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген, деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тийиштүү издөө-иш-чараларды жүргүзүлүп, изделип жаткан кыз Кара-Суунун районунун аймагында талаадан бейтааныш жарандын автоунаасында отурган жеринен табылган.
«Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо) жана 155-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган Э.уулу З. кармалып, камакка алынды. Жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда жабырлануучу кыз ата-энесинин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тергөө амалдары уланууда.