![Барак эксклавынын тургундары Кыргызстанга толугу менен көчүрүлдү Барак эксклавынын тургундары Кыргызстанга толугу менен көчүрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2542305.5a73587ff1a21e76d7b61c31f89ddfdc.jpg)
Сүрөт: «Турмуш»
Барак эксклавы толугу менен Кыргызстанга көчүрүлдү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Барак айылы Өзбекстан Республикасынын аймагында калып калган эксклав болуп келген. 2024-жылдын 4-8-март күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу комиссияларынын жолугушуусу болуп, протоколго кол коюлган.
Жогорудагы протоколго ылайык 2024-жылдын 15-апрелине чейин Өзбекстан Республикасы тарабынан инженердик-техникалык курулмаларын демонтаждоо, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан Барак айылынан өз жарандарын көчүрүп чыгаруу иштери жүргүзүлдү.
Барак эксклавынын тургундарын көчүрүп чыгуу жана аларга турак-жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана аларга инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелинде №117 тескемеси кабыл алынган.Тескеменин негизинде бүгүнкү күндө 97 турак жай 8 социалдык обьектилери бузулуп толугу менен Кыргызстандын аймагына көчүрүлдү.
«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 58 кызматкер бөлүнүп, көчүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кара-Суу райондук электр тармактар ишканасы тарабынан 11 кызматкер жана 4 даана техникалар тартылып, электр мамычаларын жана трансформаторду чыгарып кетүү боюнча иштер алып барылып, толугу менен алынып чыгарылды.
Кыргыз көмүр ишканасы тарабынан 5 даана Камаз үлгүсүндөгү техника, айыл өкмөттөрдүн жайыт балансындагы оор жүк ташуучу 5 даана Хово үлгүсүндөгү техника, “Салих Строй” ЖЧК тарабынан оор жүк ташуучу 4 даана Шакман үлгүсүндөгү техника, Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынан оор жүк ташуучу 3 даана Хово үлгүсүндөгү техника, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан 1 даана кран, айыл өкмөт тарабынан 3 даана жүктөгүч, жергиликтүү тургундар тарабынан 27 даана Портер жана Трактор техникалары тартылып, жалпы 52 техника менен 155 жарандар тарабынан жумуштар аткарылды»,- деп айтылат маалыматта.
Барак айылында жалпысынан 97 турак жай жана 8 социалдык обьектилери катталган:
- Мектеп (эки корпустан турат);
- бала бакчасы;
- коомдук мончо(баня);
- ФАП;
- Айылдык маданият үйү;
- Мечит;
- Таза суу менен камсыз кылуучу скважина 6 тн (115 метрден артезиан суусун тереңдиктеги насос менен тарттырып берет);
- Эки даана дүкөн (магазин жеке менчик).
Социалдык обьектилериден бир гана айылдык мечиттин имараты бузулган жок калган социалдык обьектилердин баары бузулуп, 2024-жылдын 14-апрелине карата 97 турак жай жана 8 социалдык обьектилер бузулуп толук алынып чыгарылды.
«Президент С. Жапаров тарабынан акча каражаты май айына чейин бөлүнүп, август айына чейин Барак айылынын тургундарынын турак жайлары бүткөрүлө тургандыгын маалымдайбыз»,- деп айтылат маалыматта.
Барактыктарга 101 турак үй курулуп, бойго жеткен балдарга 63 жер тилкеси берилет.