![Бишкек: "Спартак" стадионунун 18 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды Бишкек: "Спартак" стадионунун 18 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/78017a0c-8411-4953-ac45-79d8444d2a6b-1024x768.jpg)
«Спартак» стадионунун 18,3 млн.сомдук кичи аренадагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Мындай маалыматты УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалым болгондой, УКМК коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,0713 га жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарып берди.
«Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлдөрү менен бүтүмгө келишип, ар кандай оюн-зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн Тоголок-Молдо көчөсүндөгү (мурдагы «Каёт» түнкү клубу) муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке бергендиги аныкталды. Ошол эле учурда аталган жер тилкеси «Спартак» стадионунун кичи аренасынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер болуп эсептелинген. Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын башкы планына жана КР Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт»,- деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкесин баштапкы ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденип, азыркы учурга чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы ээси Ж.С.К. тарабынан аянты 0,0713 га, баасы 18 300 000 сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилди.
![Бишкек: "Спартак" стадионунун 18 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/87d406db-6716-48b0-a3ee-947023b6e57a-1024x768.jpg)
Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар улантыларын эскертет.