![Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/whatsapp_image_2024-04-17_at_08_52_58.730x0.jpeg)
Кечээ, 16-апрель күнү кечки саат 19:29да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирген.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Нура айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 22 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөө Нура, Икизак, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик жана Иркештам айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.