!["Тилекке каршы шайлоого барууга тоскоолдук жаралып...". Руслан Маматов талапкерлигинен баш тартты "Тилекке каршы шайлоого барууга тоскоолдук жаралып...". Руслан Маматов талапкерлигинен баш тартты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/rokki.jpg)
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Руслан Маматов талапкерлигинен баш тартты. Бул тууралуу Руслан Маматов өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
!["Тилекке каршы шайлоого барууга тоскоолдук жаралып...". Руслан Маматов талапкерлигинен баш тартты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/08e24e9e-0468-4b67-9bdd-69312d5b70a9.jpg)
Руслан Маматов шайлоого катышууга тоскоолдук болгонун, ошол себептен улам талапкерлигин алып койгонун жазган.
«Тилекке каршы шайлоого барууга тоскоолдук жаралып, талапкерлигимди алуу боюнча арыз жаздым. Кандай критерийлер менен талапкерлигимди тапшыруу зарылчылыгы жаралганы азырынча белгисиз».
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан 11 талапкер катталган. Алар:
- Курбанов Раимжан Рахманович
- Мамазакиров Рустам Умарович
- Эргешов Толкун Турдукулович
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович
- Орунбаев Турдубек Дуйшонович
- Бадалов Ганишер Абдуллаевич
- Джунусов Амирбек Абдалинович
- Бакир Бакытбек
- Давлянов Дамирбек Тайырбекович
- Ажимаматов Сталбек Асанович
- Маматов Руслан Номанович
Руслан Маматов талапкер болуп катталганга чейин Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак (азыркы Ала-Тоо айыл өкмөтү) айыл өкмөтүнүн башчысы болуп бир нече жыл иштеген. Маматов 2020-жылкы революция учурунда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясын басып алганы менен белгилүү.