![Жалал-Абадда азкезчилик товарларды тоннель аркылуу Өзбекстанга өткөрүп турган жаран кармалды Жалал-Абадда азкезчилик товарларды тоннель аркылуу Өзбекстанга өткөрүп турган жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/imgonline-com-ua-2to1-f44lnl6poutnpsd-1024x386.jpg)
Жалал-Абадда чет өлкөлүк жарандарды жана аткезчилик менен келген буюмдарды Өзбекстанга тоннель аркылуу өткөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 5-апрель күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстан Республикасынын 1984-жылы туулган Х.Б. аттуу жараны “Достук” чек ара өткөрмө пунктуна жакын жерден Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы турган мамлекеттик чек-арасын мыйзамсыз бузуп өтүп жүргөн жеринен кармалган.
«Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз бузуп өтүү) кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Өзбек Республикасынын аймагына жарандарды жашыруун труба аркылуу өткөрүп жүргөн жарандар бар экендиги маалым болгон.
Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-кодексинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон»,- деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 12-апрель күнү түн ичинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында Ноокен районунун 1985-жылы туулган К.Х. аттуу тургуну аткарган кызматы үчүн акча каражаттарын алып, Өзбек Республикасынын жарандарын кайтарууда турган мамлекеттик чек арадан труба аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалып, камакка алынды. Кармалган учурда шектүүнүн жанынан атайын белги коюлган акча каржаттары, түн ичинде көрүүчү дүрбү далил буюм катары алынды.
Андан ары тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү К.Х. жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жер төлөөсүнөн аткезчилик жол менен келген болжолдуу баасы 30 000 АКШ долларды түзгөн 87 каропкада 41 дары-дармектин түрү (психотроптук дарылар да бар) табылды. Табылган дары-дармектерге тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Мындай кылмышкерлердин жолун бууш керек. Органдар, жарандарыбыз кыраакы бололу.