!["Бойко" каймана аты бар мурдагы айыл өкмөт башчыга тиешелүү делген 7 кабаттуу үйдүн иши сотко өттү "Бойко" каймана аты бар мурдагы айыл өкмөт башчыга тиешелүү делген 7 кабаттуу үйдүн иши сотко өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/1410187.00faf2c6d3801a8e6d8df9976cc5cce8.jpg)
Сүрөт: «Турмуш»
Ош шаарынын В. Ленин көчөсүнүн №349 дарегинде курулган 7 кабаттуу үйдүн иши Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин алдындагы мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин жоопкер «Пик Стиль Строй Холдинг»ЖЧКнын башкы директору Руслан Абдуллаевке карата өз билемдик менен курулган курулушту мажбур иретинде буздуруу жөнүндөгү доо арызы Ош шаардык сотунун өндүрүшүнө 2024-жылдын 22-январь күнү келип түшкөн.
«Азыркы учурда соттук териштирүү стадиясында»,- деп айтылат маалыматта.
«Ош ТВ» басылмасынын жазганын караганда, «ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» курулуш компаниясы Ош шаарынын Ленин №349 дарегиндеги өзүм билемдик менен көп кабаттуу үйдүн курулушун бүтүргөн. Курулушту токтотуу үчүн 2019- жылы соттук териштирүү башталганы менен дале аягына чыга элек.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «ПИКСТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» курулуш компаниясына Абдуллаев Руслан Махамаджанович жана Бердибаев Заирбек Сапарбаевич аттуу эки жаран ээлик кылат.
«Руслан Абдуллаев буга чейин Ош облусунун Төлөйкөн айыл аймагында мурдагы айыл өкмөт башчы “Бойко” деген каймана ат менен таанымал Алмаз Абдукаримов менен мыйзамсыз жер сатуу боюнча бир канча чырларга аралашканы менен белгилүү. Ачык булактарда Руслан Абдуллаев менен Алмаз Абдукаримовдун бир канча байланыштарын көрүүгө болот. Мисалы,«Раянстрой» курулуш компаниясынын ээси Алмаз Абдукаримов болсо, анын директору Руслан Абдуллаев»,- деп айтылат «Ош ТВ» жазган маалыматта.