![Эми Оштогу стадиондо түнү да оюндар болот. А. Сүйүмбаев стадионуна жаңы түнкү жарыктандыруу системасы орнотулат Эми Оштогу стадиондо түнү да оюндар болот. А. Сүйүмбаев стадионуна жаңы түнкү жарыктандыруу системасы орнотулат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/f1884ef4-f8d2-41ca-b57a-19db8cc3ee14-1024x682.jpg)
Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев стадионуна түнкү жаңы жарыктандыруу системасы орнотулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Инфратүзүмдүк жана стратегиялык долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Алиет Мурсалиев менен КФБ Президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Ош шаарына жумушчу сапары менен барышты. Анын алкагында КФБ өкүлдөрү Ош шаарынын мэри-Бакытбек Жетигенов, вице-мэри-Нурбек Кадыров, муниципалиттетин башка өкүлдөрү жана «Алай» футболдук клубунун директору Калыбек Укулов менен жолугушту.
«Бул жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарынын Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда жаңы жарыктандыруу системасын орнотуу боюнча маселе талкууланды. Андан сырткары, стадиондун жакынкы аймагында жайгашкан жер «Алай» футбол клубунун карамагына жаңы оюн талаасын куруу үчүн бөлүнгөндүгү айтылды»,- деп айтылат маалыматта.
![Эми Оштогу стадиондо түнү да оюндар болот. А. Сүйүмбаев стадионуна жаңы түнкү жарыктандыруу системасы орнотулат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/23fb68c3-507f-4e1f-ba68-475add159833-1024x482.jpg)
Өйдөдө аталган жарыктандыруу системасын орнотуу боюнча иштер Кыргыз футбол биримдигинин күчү менен ушул жылдын август айынын аягына чейин аяктайт. Заманбап жарыктандыруу системасы стадиондогу оюндарды кечки маалда өткөрүүгө шарт түзөт.
Андан сырткары, Бишкектин башкы Д.Өмүрзаков атындагы аренасынын реконструкциясы убагында, Оштун борбордук стадиону Кыргызстандын Улуттук жана жаштар курамасынын оюндарын тосо алат.