![Сизде да ТикTok иштебей калдыбы? Санариптик өнүктүрүү министрлиги аталган соцтармакты бөгөттөдү Сизде да ТикTok иштебей калдыбы? Санариптик өнүктүрүү министрлиги аталган соцтармакты бөгөттөдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/tiktok-logo-1024x694.jpg)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланыш операторлоруна TikTok маалымат ресурсуна кирүүнү чектөө керек экендиги тууралуу кат жөнөткөндүгүн ырастаган.
Министрдин кеңешчиси Мээрим Исакова билдиргендей, мындай чечимге УКМКнын каты себеп болгон.
«TikTok сервиси Кыргыз Республикасынын «Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, асихикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамынын 2-1-беренесин сактабай жатат»,- деп айтылат маалыматта.