Садака үчүн чогултулган акчаны уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ушул жылдын 10-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө районун аймагында жайгашкан мечиттерде орнотулган садака кутучаларды белгисиз атуулдар бузуп, ичиндеги акчаны уурдап кеткендиги тууралуу маалымат катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, терөө кызматына камсыз болду»,- деп айтылат маалыматта.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү оңой акча табуу максатын көздөп 4 мечитке кирип, садака кутучаларын бузуп, акчаларды уурдап кеткендиги аныкталды. Келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 250 000 (эки жүз элүү миңди) түзгөн.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда