![Израиль Ирандын аймагына ракетадан сокку урду,- ЖМК Израиль Ирандын аймагына ракетадан сокку урду,- ЖМК](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/oip-3.jpg)
Израиль Ирандын аймагына ракета атты. Бул тууралуу ABC, CNN, Fox телеканалдары америкалык чиновниктердин арасындагы булактарына таянуу менен жазды.
Маалым болгондой, АКШдагы телеканалдын булагы Израилдин чабуулу Ирандын өзөктүк объектилерине багыталган эместигин билдирсе, дагы бир телеканалдын булагы Израилдин аскерлеринин иш-аракеттери «чектелген» деп атаган.
Bloombergдин булагы Израиль Иранга чабуул жасоодон мурун АКШга кабарлаганын билдирген. «Биз Израилдин бул кадамын колдогон эмеспиз»,- деп жооп берген аталган басылманын булагы.
Ирандын Исфахан провинциясынын Кахжаваристан шаарында жарылуу болгонун «Фарс» маалымат агенттиги жазды. Бул шаардын айланасында да жарылуу болгонунун «Хабар» телеканалы маалымдады. Кахжаваристан Исфахандын аэропортуна жана Ирандын аскер аба күчтөрүнүн 8-базасына жакын жайгашкан.
Абадан коргонуу системасы бир нече аймакта, анын ичинен Табриз аймагынын үстүндө да иштеп турган. Тегеран, Исфахан, Ширазда жана өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү башка аэропорттордогу аба транспортту токтотулган.Тегерандын «Хомейни» аэропортунун башкармалыгы адамдарды аэропорттун имаратынан чыгып кетүүнү суранышкан.
Акыркы маалыматтарга караганда, Ирактын түштүгүндө жарылуунун үнү угулду. Жарылуунун үнү Сириянын батышындагы «Аль-Тала» аэропортунун жанынан да угулган.
14-апрель күнү Иран Израилдин аймагына 300дөн ашык башкаруучусу жок дрондор жана ракеталарды аткан. Иран бул чабуул Сирянын борбору Дамаск шаарындагы Ирандын консулдугундагы жардырууга жооп экенин билдирген. Израиль Ирандан атылган ракета жана башкаруучусу жок дрондордун 99%ын абадан коргонуу системасы аркылуу атып түшүргөнүн билдирген.
17-апрелде «Иерусалим Пост» басылмасы Израилдин бийлиги Иранга да чабуул болорун билдиргенин жазган. Бирок, чабуул тууралуу кенен маалымат берилген эмес. Иран эгер Израиль чабуул жасаса, аталган өлкөнүн өзөктүк объектерине чабуул жасаларын айткан.