![«Ок карышкырдын бешенесине тийип, моюнунун артынан чыгып кетиптир»: Папанда ургаачы карышкыр атылды «Ок карышкырдын бешенесине тийип, моюнунун артынан чыгып кетиптир»: Папанда ургаачы карышкыр атылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/dfadc9fe-e9c2-4c29-b15e-a3c78607d67d-1024x930.jpg)
Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Кожо-Келен айылындагы Көк-Өтөк жайлоосунда бир ургаачы карышкыр атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустамали Абдыкеримов билдирди.
Анын айтымында, 17-апрель күнү Кожо-Келен айылынын Көк-Өтөк жайлоосунда мергенчилер ургаачы карышкырды атып өлтүрүшкөн. Ок карышкырдын бешенесине тийип, моюнунун артынан чыгып кеткен.
«Карышкырга аң улоо иштеринин жүрүшүндө бир ургаачы карышкыр атылды»,- деди У. Абдыкеримов.