![Кара-Сууда 17 жаштагы өспүрүмгө чагылган тийгенден кийин каза болду Кара-Сууда 17 жаштагы өспүрүмгө чагылган тийгенден кийин каза болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/1048891499_0_878_1254_1587_2072x0_60_0_0_3e9c717f86ac4b32c81a77c09c03e38c-1024x579.jpg)
Иллюстрациялык сүрөт
Кара-Суу районунда чагылган түшкөндөн кийин 17 жаштагы өспүрүм каза болду.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылында болгон.
Бул маалыматты Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Ислам Эрмаматов «Турмуш» басылмасына тастыктаган.
«Бала сыртта жүргөндө чагылгандын таасири тийген. Чагылган түшкөн эмес. Ооруканага алып барышканда каза болуп калган»,- деген ал.
Маркум бүгүн, 22-апрель күнү акыркы сапарга узатылат.