![Кара-Сууда бир чөө капканга түштү Кара-Сууда бир чөө капканга түштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/4368b380-de00-49ab-bb60-93262953cfe3-1024x643.jpg)
Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Кара-Гур жайлоосунда бир чөө капканга түшүп калган. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустамали Абдыкеримов билдирди.
Анын айтымында, чөө мергенчилер койгон капканга түшкөн.
«Ушуну менен мергенчилер 10дон ашык чөөнү капканга түшүрүштү. Капкандар негизи Папан айылынын жайлоосунда, Лаглан айылында, Кара-Гур жайлоосунда коюлган»,- деди У. Абдыкеримов.