![Советбек Рустамбек уулу депутаттык мандатын алды Советбек Рустамбек уулу депутаттык мандатын алды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2560233.03fc1abe0a908b20d0ff9b43d42069bf.jpg)
БШК Жогорку Кеңештеги «Ишеним» партиясынын бош мандатын Советбек Рустамбек уулуна берди. Рустамбек уулу депутаттык күбөлүгүн бүгүн, 22-апрель күнү алды.
Буга чейин «Ишеним» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Эмилбек Жусупов өз арызынын негизинде мандатын тапшырган. Жусупов депутат болуп 2021-жылы парламентке келген.