!["Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион": президент жаңы стадион эки жылдан кийин пайдаланууга берилерин билдирди "Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион": президент жаңы стадион эки жылдан кийин пайдаланууга берилерин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/438254382_2651130865061826_5448831364994916427_n-1024x720.jpg)
Президент Садыр Жапаров кечээ, 22-апрель күнү «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, Бишкек шаарында курула турган стадиондун курулуш иштери башталып, эки жылдан киийн аягына чыгарын жазды.
Стадиондун Борбор Азиядагы эң чоң- 45 миң көрүүчүгө ыңгайлашкан стадион экенин белгилеген президент, анда түрк жана кыргыз инженер-конструкторлор иш алып барып жатканын белгилеген.
«Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталды. Кудай буюрса, эки жылдан кийин ачылышын жасайбыз. Жалпысынан 22 адис архитектуралык бөлүмдө иштеп жатат(12 адам – Түркиядан, 10 адам – Кыргызстандан).Инженер- электриктер бөлүмүндө – 7 адис. (4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан).Инженердик ички коммуникациялар, желдетүү жана өрткө каршы тутум бөлүмүндө – 7 адис. (ОВиК ВК жана АПТ) (4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан). Инженер-конструктор – 12 адис (7 адам – Түркиядан, 5 адам – Кыргызстандан). Консультациялык топ – 6 адис (3 адам – Англиядан, 3 адам – Түркиядан)»,- деген президент.
!["Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион": президент жаңы стадион эки жылдан кийин пайдаланууга берилерин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/437371818_2651130941728485_6279079104195587920_n-1024x726.jpg)
Бул стадион эмнеси менен уникалдуу?
Садыр Жапаров стадиондун дизайнынын өзөгүн боз үй феномени түзөрүн, анда 3600 автоунаа токтоого ыңгайлашкан парковка куруларын билдирди.
«Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион. Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон боз үй феномени түзөт. Дизайнынын өзгөчөлүгү анын формасынын уникалдуулугунда. Борбор Азиядагы эң чоң жабык унаа токтотуучу жай 3600 унаага ылайыкталган. Анда стадион гана эмес, 35 000 м2 аянтты ээлеген спорт дүкөндөрү жана соода борборлору да болот. Көпчүлүк стадиондордо болбогон ФИФАнын А категориясындагы талаа диоддук жарыгы менен жарыктандырылат. «Гибриддик газон технологиясы» менен камсыздалып, АФКнын финалдык жана ФИФАнын тайпалык матчтары өткөрүлөт. Имараттын отуруучу аянты 70,000 м2. Курулуш аянты 180,000 м2. 8 кабат, бийиктиги 70 метр. Стадиондун диаметри 280 метр тегерек формада. Стадиондун аянты 85000 м2. 60,000 м2 жабык унаа токтотуучу жай жана техникалык жайлар бар»,- деп жазган президент.
!["Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион": президент жаңы стадион эки жылдан кийин пайдаланууга берилерин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/438206124_2651130818395164_104879411570001112_n-1024x725.jpg)
Стадиондун курулушуна жергиликтүү жумушчуларды тартуу иштери жүрөрүн белгилеген президент, 135 миң чарчы метрге көлөмдөгү бетондун баары ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстандан сатып алынарын кабарлады.
!["Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион": президент жаңы стадион эки жылдан кийин пайдаланууга берилерин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/438304328_2651130825061830_2575455356322480625_n-1-1024x725.jpg)
«Стадиондун курулушуна сарпталуучу 135 000 м3 көлөмдөгү бетондун баары ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстандан сатылып алынат. Мындан тышкары, маанилүү болуп саналган жумушчу күчүнүн басымдуу бөлүгүн жумуш орундарын камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын жарандары түзөт. Темир-бетон иштерин 13 айда бүтүрүү пландалууда. Электромеханикалык иштерин жана 50м оор блоктон жасалган чатырды колдонуу менен 7 ай ичинде аяктоо каралган. Башка иштер 6 ай бою улантылса, демек, курулуштун болжолдуу мөөнөтү 2 жылды түзөт. Каражат маселесин толугу менен төлөп бердик. Кудай бөөдө кырсыктан тышкары кылса, эки жылдан кийин бул стадион элибиздин керегине жарап, кызмат кыла баштайт«,- деп жазган С. Жапаров.
!["Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион": президент жаңы стадион эки жылдан кийин пайдаланууга берилерин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/438230682_2651130871728492_42962741172146018_n-1024x723.jpg)
!["Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион": президент жаңы стадион эки жылдан кийин пайдаланууга берилерин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/438241906_2651130935061819_1629854798959880408_n-1024x726.jpg)
!["Борбор Азиядагы 45 000 көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион": президент жаңы стадион эки жылдан кийин пайдаланууга берилерин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/438222227_2651130901728489_6029466077983886519_n-1024x725.jpg)