!["Бүгүн биз эмоцияларыбызды башкара алган жокпуз". Футзал боюнча улуттук курама Иранга каршы ойнойт "Бүгүн биз эмоцияларыбызды башкара алган жокпуз". Футзал боюнча улуттук курама Иранга каршы ойнойт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/440223044_18431112565000623_6060541606820029379_n-1024x682.jpg)
Бангкок (Таиланд) шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунда тайпалык этаптын жыйынтыктоочу — үчүнчү туру орун алды. Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы турнирдеги үчүнчү беттешин бүгүн, 22-апрелде «Хаумарк» стадионунда Түштүк Кореяга каршы өткөрдү.
Беттеш 5-5 эсеп саны менен тең чыгуу менен аяктады. Голдордун авторлору: Донер Аманбаев (4′), Кубанычов Кайрат (15′, 27′), Махмадаминов Шохрух (28′), Самат Джанат уулу (29′).
Курама Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.
Ошентип, курама азиялык биринчиликтин «С» тайпасында 5 упайга ээ болуп, турнирдин чейрек финалына чыкты. 1/4 финалынын оюну 24-апрелде өтөт.
Оюндан кийин улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молинанын буларга токтолду.
!["Бүгүн биз эмоцияларыбызды башкара алган жокпуз". Футзал боюнча улуттук курама Иранга каршы ойнойт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/439658922_843714764465582_5333502733542026626_n-1024x683.jpg)
«Биринчиден, күйөрмандарга ыраазчылык билдиргим келет, алардын колдоосун акыркы секундуларга чейин сезип турдук. Биздин эң жаман атаандашыбыз — бул биздин эмоцияларыбыз. Бүгүн биз эмоцияларыбызды башкара алган жокпуз. Эң кыйынын жасадык, биринчи голду киргиздик. Бирок, андан кийин убакытты жана учурларды туура пайдалана албай калдык, андан ары баары татаалдашып кетти. Даярданып, оюнчулар менен сүйлөшүп жатабыз, бирок бүгүн ушундай жыйынтык болду. Эгерде мыкты оюн көрсөтсөк дагы, эмоцияларды контролго албасак, жетишкендиктерге жетпейбиз. Түштүк Кореяны куттуктап өтүш керек! Эми чейрек финалдык оюнга даярданып, бүгүндөн кыйла жакшы оюн көрсөтүшүбүз зарыл».
Улуттук курама 24-апрель күнү 2024-жылкы Азия Кубогунун чейрек финалында Иран курамасына каршы кез келет. Беттеш «Бангкок Аренада» орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00до старт алат.