Футзал боюнча Азия Кубогунун чейрек финалында улуттук курама Иранга каршы ойнойт. Оюн Таиланд өлкөсүнүн борбору Бангок шаарындагы «Бангкок аренада» 24-апрель күнү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө болот.
«Спорт АКИпресс» басылмасы жазгандай, Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Иран менен ар түрдүү мелдештерте 12 жолу кез келген. Бул оюндардын баары 109:14 эсебинде Ирандын пайдасына жыйынтыкталган.
Улуттук курам 1999-жылы Азия Кубогунун биринчи оюнунда Иранга 21:0 эсебинде утулган. Бул оюн улуттук курамдын Ирандан ири эсепте жеңилүүсү катары белгилүү. 2023-жылы Тажикстанда өткөн CAFA-2023 мелдешинде ирандыктар кыргыз курамасын 1:0 эсебинде уткан. Бул улуттук кураманын аталган курамадан минималдуу жеңилүүсү болуп саналат.
Иран менен Кыргызстандын бардык беттешинин статистикасы:
1999-жылкы Азия Кубогу, Малайзия. Кыргызстан — Иран — 0:21;
2000-жылкы Азия Кубогу, Таиланд. Иран 10-1 Кыргызстан;
2002-жылкы Азия Кубогу, Индонезия. Кыргызстан — Иран — 2:10;
2003-жылкы Азия Кубогу, Иран. Иран 10-1 Кыргызстан;
Азия Кубогу-2006, Өзбекстан. Кыргызстан 3-5 Иран;
2007-жылкы жабык имараттагы Азия оюндары, Макао. Кыргызстан 1-9 Иран;
Азия Кубогу-2016, Өзбекстан. Иран 7-0 Кыргызстан;
2017-жыл жабык имараттагы Азия оюндары, Түркмөнстан. Иран 10-0 Кыргызстан;
2020-жылкы Азия Кубогунун квалификациясы, Иран. Иран — Кыргызстан — 8:3;
2022-жылкы Азия Кубогунун квалификациясы, Кыргызстан. Кыргызстан 1-8 Иран;
КАФА-2023, Тажикстан. Иран 1-0 Кыргызстан;
2024-жылкы Азия Кубогуна тандап алуу оюну, Кыргызстан. Иран 10-2 Кыргызстан.