![Улуттук банк финансылык пирамидалардан алыс болууну эскертет Улуттук банк финансылык пирамидалардан алыс болууну эскертет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/123.jpg)
Урматтуу окурмандар, сизге кимдир бирөөлөр үстүнө көп пайыз кошуп акча таап берүү үчүн каражатты тартууга, кошумча киреше табууга кепилдик берип, ага досторду да чакырууга үндөдү беле? Анда сак болуңуз, бул ийгиликтүү инвестициялык компания чындыгында — финансылык пирамида болуп чыгышы мүмкүн. Финансылык пирамиданы кантип таанып билүү керек, алар кандайча иш алып барышы мүмкүндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөдөгүлөрдү маалымдайт.
Финансылык пирамида
Акыркы кездерде област ичинде жарандарга — кыска мөөнөттө, эч кандай убаракерчиликсиз, өз каражаттарын көбөйтүп кайра кайтарып беребиз — деген ар кандай уюмдар пайда болууда. Алар жарандарды жагымду шартта, жогорку пайыздык чендер жана башка сыйлыктар менен кызыктырып, ар кандай жолдор менен элдин акча каражаттарын чогултууда.
Финансылык пирамида – деп, катышуучуларынын акча каражаттарын ар кандай мыйзамсыз жолдор (алдамчылык ыкмасы) менен алып келишимдерде көрсөтүлгөн милдеттерин же оозеки берген убадаларын аткарбаган жана жарандардын берген акча каражаттарын кайра кайтарбаган уюмдарды атасак болот. Алар алгач жарандарды кызыктырыш үчүн, баштапкы катышуучуларга убадаланган акча каражаттарды, сыйлыктарды жана башка белектерди берип, адамдарга жогору кирешелерди убада кылуу принциби менен иштешет. Бирок мындай финансылык пирамидалар баардык катышуучуларга берген убадаларын жана милдеттенмелерин аткара алышпайт. Анткени, алардын иштеген схемасы боюнча баардык катышуучуларга берген убадалары боюнча ашыкча акча каражаттарын тартуулоо мүмкүн эмес. Белгилүү мезгил өткөндөн кийин мындай уюмдар өздөрүн банкрот деп жарыялашат да, аларга ишенген инвестор катарындагы жөнөкөй жарандар зыянга учурашат. Мисалы: Сиз бир суммадагы акча каражаттарыңызды салып, бул уюмга мүчө болуп кирдиңиз. Мындан кийин убадаланган акча каражаттарды, сыйлыктарды жана башка белектерди алыш үчүн, сиз бир канча жарандарды мүчө катары бул уюмдарга киргизишиңиз шартталат. Ал жарандар дагы өздөрүнүн алдына башка жарандарды чакырышы талап кылынат. Ошентип, мындай механизм менен бул уюмдар белгилүү бир убакытка чейин иштей берет да, жыйынтыгында, уюмдун уюштуруучулары өз максаттарына жеткенден кийин топтолгон акча каражаттарды алып качып кетишет.
Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы бардыгыңыздарды сак болууга чакырат. Көз боёмочулардын (алдамчылардын) торуна түшүп калбаш үчүн жана өздөрүнүздөрдүн акча каражаттарыңыздарды жоготпош үчүн финасылык пирамиданын негизги белгилерин эсиңиздерден чыгарбаңыз.
Финасылык пирамиданын белгилери:
- кыска мөөнөттүн ичинде жогорку пайыз менен киреше табуу. Мындай салымдардын пайыздарынын көлөмү банктык аманаттардын пайыздарынан жогору;
- уюмга мүчө катары кирүү үчүн төлөм;
- башка жаңы мүчөлөрдү тартуу жана ал үчүн киреше табуу;
- келишимдердин шектүүлүгү же жоктугу;
- уюмдун документтеринин жоктугу;
- көп мүчөлөрдү тартууда ар кандай белектерди берүү;
- финансылык документтеринин жоктугу;
- жыйналышта көргөзмө катары сыйлыктарды берүү жана байгелерди ойнотуу.
Эгерде сизге финасылык кызматтарды сунуштоодо жогорудагы көрсөтүлгөн шарттардын бири бар болсо, анда акча каражаттарыңарды берерден мурда кесипкөй адамдар менен кеңешиңиз.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы эскертет: Жарандардан сактык аманаттарын-депозитерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар банктар, микрофинансылык компаниялар жана кредиттик союздар гана кабыл алышат. Лицензияда ошол коммерциялык банктын, микрофинансылык компаниянын жана кредиттик союздун жеке адамдардан аманаттарды кабыл алууга укугу тике эле көрсөтүлүүгө тийиш.
Сиз кошумча финансылык киреше алуу максатында өзүңүздүн анча көп эмес акчаңызды көрүнүктүү финансылык киреше алуу максатында же башка түрдөгү кошумча төлөөлөр үчүн салып жатып, чоң тобокелге баруу менен кошумча төлөөлөрдү гана эмес төккөн акчаңызды да ала албай калаарыңыздарды унутпаңыз.
Финасылык пирамиданын белгилери бар уюмдар катталган учурда Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгына кайрылып же (03222) 4-83-75, 4-84-63, 4-83-92. байланыш телефондоруна кабарласыңыздар болот.