!["Абдыш-Ата" клубунун АФКдагы жолу аяктады "Абдыш-Ата" клубунун АФКдагы жолу аяктады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/7ad9ddbd-5b3b-40f9-917b-ee6e8abc540f.jpg)
Бүгүн, 26-апрель күнү Австралиянын Госфорд шаарындагы «Индастри Групп» стадионунда Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубу менен жергиликтүү «Централ Кост Меринерс» клубу АФК Кубогунун интерзоналдык финалында кез келип, оюн 3:0 эсебинде автралиялык клубдун пайдасына жыйынтыкталды.
Бул эки клубдун Бишкектеги оюну тең чыгуу (1-1) менен аяктаган.
Жогорудагы натыйжа канттын клубунун Азия футбол конфедерациясынын кубогунун 2023-2024-жылкы сезун аягына чыгарды.
«Абдыш-Ата» өз тарыхында АФКнын Кубогуна алгачкы ирет чыккан клуб болуп, дебюттук сезонунда эле тайпадан чыккан, плей-офф баскычынан өткөн алгачы кыргыз клубуна айланды.
Канттын клубу Кыргыз премьер лигасынын 2023-2024-жылкы сезонунун чемпиону катары АФКнын 2024-2025-жылкы Кубогуна да катышат. Азырынча бул клубдун атаандаштары белгилүү боло элек.