![Футзал боюнча улуттук курама Ирандан ири эсепте утулду. Бирок, Дүйнөлүк чемпионаттын акыркы жолдомосу үчүн ойношу мүмкүн Футзал боюнча улуттук курама Ирандан ири эсепте утулду. Бирок, Дүйнөлүк чемпионаттын акыркы жолдомосу үчүн ойношу мүмкүн](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/0665a3f9-68c0-4398-b51a-40654a86debd-1024x1024.jpg)
Кыргызстан футзал боюнча улуттук курамасы Иран курамасынан 6:1 эсебинде утулду. Оюн бүгүн, 24-апрель күнү Таиланддын Бангкок шаарынын «Бангкок арена» залында Бишкек убактысы боюнча 15:00дө башталган.
Эки таймдан турган оюн Ирандын үстөмдүгүндө жыйынтыкталып, улуттук курама команда 6:1 эсебинде утулуп калды.
«Бирок, ушуну менен командабыз үчүн бул азиялык биринчилик аяктай элек. Эгерде бүгүнкү Өзбекстан-Вьетнам беттешинде, Өзбекстан курамасы утушка ээ болсо, курамабыз Дүйнө Чемпионатына болгон акыркы жолдомого ат салыша алат»,- деп айтылат Кыргыз футбол биримдиги таркаткан маалыматта.