![Чолпон-Атада ишкер өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен кармалды Чолпон-Атада ишкер өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/fd9c3b44-129f-4e88-bb8d-eab94000c1e4-1024x768.jpg)
Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын — «Курорторг Жетиген» ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан «Курортторг Жетиген» ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды.
«Тактап айтканда, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келген, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан»,- деп айтылат маалыматта.
2024–жылдын 23-апрелинде УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын — «Курорторг Жетиген» ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен) каралган кылмышка шектүү катары кармалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.