![Азербайжандагы Гейдар Алиев борборунда “Улуттун көөнөргүс дөөлөттөрү” аталыштагы фотодокументалдык көргөзмө ачылды Азербайжандагы Гейдар Алиев борборунда “Улуттун көөнөргүс дөөлөттөрү” аталыштагы фотодокументалдык көргөзмө ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/438086170_743251041299988_6518891137838974138_n-1024x768.jpg)
Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарынын Гейдар Алиев борборунда КР Улуттук тарых музейинин “Улуттун көөнөргүс дөөлөттөрү” аталыштагы фотодокументалдык жана баалуу экспонаттардан түзүлгѳн кѳргѳзмѳсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз ызматы билдирди.
Маалым болгондой, көргөзмө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрель кундору Азербайжан Республикасынын болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын негизинде өттү.
«КР Президентинин иш-сапарынын жана Маданият күндөрүнүн алкагында, азербайжан интеллигенциясына жана маданий коомчулугуна көрсөтүлгөн Улуттук музейдин уникалдуу коллекциялары бир тууган элдин ачык суктануусун, кыргыз тарыхына болгон терен кызыгуусун жаратты. Улуттук көөнөргүс дөөлөттөр менен эки өлкөнүн Маданият министрлери таанышып, жогору баасын жана ыраазычылын билдиришти»,- деп айтылат маалыматта.
![Азербайжандагы Гейдар Алиев борборунда “Улуттун көөнөргүс дөөлөттөрү” аталыштагы фотодокументалдык көргөзмө ачылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/438159429_743248714633554_5991390332251350539_n-1024x576.jpg)
Байыркы жана бай коллекциялар томтому менен түзүлгөн музей көргөзмөсү, түрк дүйнөсүнүн жана эки элдин маданий кызматташтыгын жандандырууга , арттырууга турткү берет .