![Милициянын майору Мырзабек Тороевдин үй-бүлөсүндө үч эм төрөлдү Милициянын майору Мырзабек Тороевдин үй-бүлөсүндө үч эм төрөлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/23580b4a-df1d-4c16-a2d4-5c142f03ade0.jpg)
Милициянын майору Мырзабек Тороев үч эмдүү болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору МырзабекТороев үч эмдүү болгон.
«Мырабек Тороев 2024-жылдын 19-апрелинде Амантай, Эртай, Эсентай аттуу үч уулду болуп, кубанычы койнуна батпай турган кези. Бөбөктөрдүн бешик боосу бек болуп, аман-эсен чоңоюп, кыргыз элинин керегине жараган эр азаматтардан болушсун»,- деп айтылат маалыматта.