![Ноокаттык ишкер Шимбек Алимбаев инисинин кенин жасалма документтер менен тартып алганын айтты Ноокаттык ишкер Шимбек Алимбаев инисинин кенин жасалма документтер менен тартып алганын айтты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/bca620fe-a844-418d-98bb-15c6244a9350.jpg)
Ноокат районундагы Уу-Таш көмүр кенин жасалма документтер менен тартып алып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жусупбек Коргонбай уулуну сатып жиберишти. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде өткөн маалымат жыйында Алимбаевдердин үй-бүлөсү билдирди.
Алардын айтымында, 2017-жылы Шабданбек Алимбаев Уу-Таш көмүр кенин ачып, 2019-жылы ашказан рагынан каза болуп калат. Андан пайдаланган кызкдар адамдар жасалма документтер менен «Уу-Таш» ЖЧКсын кайра каттоодон өткөрүп, «Ысман-Тоо» ЖЧКсы кылып өзгөртүп коет.
Маркум Шабданбек Алимбаев Адилет министрлигинин маалыматтар базасында «Уу-Таш» ЖЧКсы дале болсо Шабданбек Алимбаевге катталганы көрсөтүлүп турат. Бирок, Геология башкармалыгында «Ысман-Тоо» ЖЧКсы болуп катталып калган.
![Ноокаттык ишкер Шимбек Алимбаев инисинин кенин жасалма документтер менен тартып алганын айтты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/0d02ee59-7d89-4b82-b752-03484860c3f4-1024x576.jpg)
«Мен Уу-Таш көмүр кенин ачып, негиздеген Шабданбек Алимбаевдин бир тууган агасы болом. Ушул кен боюнча 4 жылдан бери талашып жүрөм. Маселен, Н.Б. аттуу жаран көмүр кенге барып, ошол жерде ээлеп алган. Жасалма документтер менен кенди каттап алган жакындарына. Ошол боюнча укук коргоо органдарынакайрылсак, ишит атайлап созуп жүрүп, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин анан сотко ашырышты. Соттук иштер болсо 2021-жылы башталган. Көмүр кенди өткөрүп алгандар жалган болуп, жасалма документтер менен өткөрүп алгандары далилденгенден кийин дагы сотко кайрылдык. «Мынаке уурулар кармалды, эми кенди бизге өткөрүп бергиле» деп кайрылсак, Жогорку сот муну 4 жолу биринчи инстанцияга кайтарды. Негизсиз кайтарып коюшту. Ошентип жүрүп бул иштин да даттануу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин, 2023-жылы декабрды сот «силердин соттошконго акыңар жок» деп мыйзамсыз чечим чыгарып жатат. Кийин Н.Б. көмүр кенди 520 миң долларга Жусуп Коргонбай уулуна саткандан кийин, эртеси эле 500 миң долларга жаңы эки экскаватор алып, иштетип баштады.Ошентип, кендин мыйзамдуу ээси- менин иним шабданбек Адимбаевдин кени анын үй-бүлөсүнө жетпей калды. 4 баласы жетим калды. Ошондуктан, ураматтуу президент, урматтуу Камчыбек Ташиев ушул маселеге көңүл буруп коюңуздарды суранабыз»,- деди Ш. Алимбаев.
Маркум Шабданбек Алимбаевдин жубайы Нурила Эргешова да ушул иш боюнча акыйкат чечимдерди күтүп жатканын кошумчалады.
Жогоруда аты аталган экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулунан комментарий ала алган жокпуз.