![Окумуштуулар БАЭдеги катуу нөшөрдүн себебин аныктады Окумуштуулар БАЭдеги катуу нөшөрдүн себебин аныктады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2551869.ad0038923aca6e76811246a3f8113a83.jpg)
Бүткүл дүйнөлүк аба ырайы атрибуциясынын окумуштуулар тобу Бириккен Араба Эмираттарында жана Оманда жакында болгон рекорддук суу ташкынына глобалдык жылуулук жана урбанизация себеп болгонун көрсөткөн изилдөө жүргүзүштү, деп жазат «Гардиан» басылмасы.
16-17-апрелде Араб жарым арылында катуу жаан-чачын болуп, бери дегенде эле 23 адам каза тапкан.
Дубайда 24 сааттын ичинде 14 см бийиктикте жамгыр жаады. Бул орто жаан-чачындын бир жарым жылына барабар. Бул жаан-чачын изилдөөлөр башталгандан берки эң катуу жааган нөшөр болгон.
Башында БАЭ булутка таасир этип, жасалма жамгыр жаадырган технологияны колдонуп, суу маселесин чечүү маселесин көздөп, аны ишке ашыргандан кийн, бул технологиянын климатка кандай таасири тиери тууралуу божомолдоолор пайда болгон.
Деген менен булутка таасир этип, жасалма жамгыр жаадыруу технологиясы БАЭдеги климаттык катастрофага тиешеси жоктугун көрсөттү. Бирок, адам фактору, адамддын кыймыл аракеттер башка жолдор менен бул нерсеге таасирин тийгизген.
Адамдар тарабынан ландшафтын өзгөрүшү БАЭ менен Омандын он адамдын сегизи жашаган төмөнкү аймактарында тобокелдикти андан бетер күчөттү. Ошондой эле, көптөгөн автоунаалар төмөнкү аймактар аркылуу жүрөт.