![БШК Бекмурза Эргешов менен Максатбек Маматкуловдун каттоосун жокко чыгарды БШК Бекмурза Эргешов менен Максатбек Маматкуловдун каттоосун жокко чыгарды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/1035790305_20_352_4971_3137_1920x0_80_0_0_664685f4d830ac5c61617adedd9237f3-1024x576.jpg)
Борбордук шайлоо комиссиясы Ош округундагы 2 Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин каттоосун жокко чыгарды.
БШКдан кабарлашкандай, 19-апрелде Ош шаарынын милициясынан Мамакулов Максатбек Бөрүбаевич шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Болжол менен талапкерлердин үгүтчүлөрү Г. Мамажанова, Д. Хамдамова, Х. Парпиев жана Ы. Мадазимовага шайлоого 20 адам алып келүү тапшырылган. Бул үчүн алар 5000 сомдон алмак»,- деп айтылат маалыматта.
25-апрелде кошумча текшерүүнүн жыйынтыгында М. Маматкулов 19 үгүтчүгө шайлоо фондундагы каражаттардан сырткары 95 миң сом айлык төлөп бергени аныкталган.
![БШК Бекмурза Эргешов менен Максатбек Маматкуловдун каттоосун жокко чыгарды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2515409.9b06c253e0a82cadb814a3120b73eb91.jpg)
Ошондой эле, 25-апрелде бир нече депутаттыкка талапкер Эргешовдун каттоосун жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Аоызда Эргешов үгүт учурунда административдик ресурс колдонуп жатканы айтылган.
![БШК Бекмурза Эргешов менен Максатбек Маматкуловдун каттоосун жокко чыгарды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/1553198.42d001669d2f24b2bd98d17a1268e5b7.jpg)