![Бишкекте баасы 500 миң АКШ долларын түзгөн баңгизаттар сакталган жай табылды Бишкекте баасы 500 миң АКШ долларын түзгөн баңгизаттар сакталган жай табылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/35621e0d-4bb1-45c9-b207-f6de7fbd8076-1024x689.jpg)
Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды. Мындай маалыматты атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, УКМК баңги каражаттарын жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде КР мыйзамдарында өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган «Мефедрон» баңги затынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайын аныктады.
«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 300 килограммдан ашык порошок түрүндөгү жана 360 литрге жакын суюктук түрүндөгү химиялык заттар документтештирилип, алынды. Аталган заттардын бири синтетикалык Альфа-Пирролидинопентиофенон (Альфа-ПВП) дарысы болсо, калган заттар Мефедрон синтетикалык дарысынын реагенттери болуп чыкты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 кг мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак, аны калк арасында сатканда наркы 500 миң АКШ долларын түзмөк»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК баңгизаттарды колдонууга жол берилбестигин, аларды өндүрүп тараткандар мыйзам тарабынан катуу жазаланаарын эскертет.