![БШК автоматташтырылган эсептөөчү урналардын 99,5%ынын жыйынтыгын чыгарды. Эргешов, Калпаев, Кубанычбеков алдыда БШК автоматташтырылган эсептөөчү урналардын 99,5%ынын жыйынтыгын чыгарды. Эргешов, Калпаев, Кубанычбеков алдыда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2575599.7d008832602503329912c7f638313d58.jpg)
Үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депуттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын чыкты. Бул тууралуу Боршайкомдун сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, автоматташтырылган эсептөөчү урналардын 99,5%ынын жыйынтыгы чыкты. 28-апрелдин саат 20:40тагы маалыматына караганда, №2 Баткен округундагы жалпы 112 миң 379 шайлоочунун 28 миң 462си добуш берип, жалпы шайлоочунун 25,33%ын түздү. №7 Ош округундагы 125 миң 386 шайлоочунун 25миң 87си добуш берген. Бул жалпы шайлоочунун 18,41%ын түзөт. №9 Кара-Суу округу боюнча 112 миң 33 шайлоочу катталса, анын 21 миң 23 гана добуш берген. Бул жалпы шайлоочунун 18,77%ына барабар.
![БШК автоматташтырылган эсептөөчү урналардын 99,5%ынын жыйынтыгын чыгарды. Эргешов, Калпаев, Кубанычбеков алдыда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/019f298e-f194-46de-bf0e-4414efade4af-1024x976.jpg)
№2 Баткен округу боюнча Бактыяр Калпаев алдыда келүүдө.
![БШК автоматташтырылган эсептөөчү урналардын 99,5%ынын жыйынтыгын чыгарды. Эргешов, Калпаев, Кубанычбеков алдыда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/449a0057-fc37-4a65-a404-5f1f35fa00c3-534x1024.jpg)
№7 Ош округу боюнча Бекмурза Эргешов алдыга чыкты.
![БШК автоматташтырылган эсептөөчү урналардын 99,5%ынын жыйынтыгын чыгарды. Эргешов, Калпаев, Кубанычбеков алдыда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/4eafed8e-38ff-4205-b79a-bd7e1c3befa1-550x1024.jpg)
№9 Кара-Суу округу боюнча Илимбек Кубанычбеков алдыда келе жатат.
![БШК автоматташтырылган эсептөөчү урналардын 99,5%ынын жыйынтыгын чыгарды. Эргешов, Калпаев, Кубанычбеков алдыда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/cec5c30c-c9de-471d-940a-853c4b6679e5-963x1024.jpg)
АЭУнун маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Бардык шайлоо участкаларында добуштарды милдеттүү түрдө кол менен саноо жүргүзүлөт, анын негизинде шайлоо участкалары боюнча жана жалпысынан округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылат.