Таланттуу сатирик, КР эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз эли, улуттук адабияты оор жоготууга учурады. Таланттуу, чебер сатирик, юморчу жана фельетончу, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Султанович Рысбаев 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты»,- деп айтылат маалыматта.
Жолочу Рысбаев Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.
Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштөө менен бирге 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.
Алгачкы чыгармачылык эмгек жолун 1975-жылдан тарта Кыргыз телерадио берүү компаниясында редактор болуп баштаган.
1988-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү.
Бир катар аңгемелердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору.