![Кара-Сууда салык кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды Кара-Сууда салык кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/f336dc62-5289-42bb-a2da-969610947e6c.jpg)
Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, УКМКнын дарегине Мамлекеттик салык кызматынын Кара-суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан КР аймагына 9 даана автоунааны ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча ишкер кайрылган.
«Аталган факты боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, акча каражатын Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. опузалап талап кылгандыгы аныкталды.2024-жылдын 27-апрелинде УКМК кызматкерлери тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.