![Кара-Суудагы паркта 3 жигитти сабагандар камакка алынды Кара-Суудагы паркта 3 жигитти сабагандар камакка алынды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/oip-5.jpg)
Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Суудагы паркта иштеп жаткан жигиттерди сабаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 12-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 1990-жылы туулган И.Б. 1995-жылы туулган А. уулу Б. жана 1996-жылы туулган Дж.А. денелеринен жаракат алып аймактык ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучулар Кара-Суу шаарында жайгашкан парктардын биринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда бир топ белгисиз балдар келип, аларды уруп, денелерине жарат келтирип, окуя болгон жерден из жашырып, качып кеткендиги аныкталган.
Топтолгон материалдын негизинде жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү), 131-беренеси (Ден-соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иштери козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган»,- деп айтылат маалыматта.
![Кара-Суудагы паркта 3 жигитти сабагандар камакка алынды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/9ef477e4-0cab-4c7a-98ef-a586197b6043.jpg)
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 2004-жылы туулган К.С., 2005-жылы туулган К.Ф., 2001-жылы туулган М.И., 2006-жылы туулган Дж.М. аттуу тургундары кармалып, камакка алынышты.
![Кара-Суудагы паркта 3 жигитти сабагандар камакка алынды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/830c6503-360b-42fd-9b92-b404f7e02a59.jpg)
Учурда окуяга тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
![Кара-Суудагы паркта 3 жигитти сабагандар камакка алынды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/b92e79ec-3020-4c83-a59a-fe4513868bd2.jpg)
![Кара-Суудагы паркта 3 жигитти сабагандар камакка алынды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/ce23a7c5-2301-4a2b-ba52-70a65b6c3a77.jpg)