Өзбекстандын футбол боюнча 23 жашка чейинки курамасы өзүнүн футбол тарыхында алгачкы ирет Олимпиадага жолдомо утту. Мындай жыйынтыкка өзбек футболчулары кечээ, 29-апрель күнү кечинде Индонезиянын курамасын уткандан кийин жетишти.
15-апрелден 3-майга чейин Катарда өтүп жаткан Азия чемпионатына 16 курама жолдомо алган. Тайпалык оюндар менен плей-офф оюндарынын жыйынтыгында өзбек курамасы жарым финалга жолдо алган. Жарым финалда Өзбекстандын атаандашы болуп Индонезия аталган.
Кечээ, 29-апрель күнү бул эки кураманын оюну болуп, өзбек курамсы 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Оюндун 68-мүнөтүндө оң капталдан узатылган топту чабуулчу Норчаев дарбазага туура багыттап, эсепти ачкан. Оюндун 86-мүнөтүндө индонезиялыктардын дарбазасынын алдында кооптуу учур жаралып, футболчу Архан өз дарбазасына гол киргизип алган.
Мындай жыйынтык менен Өзбекстандын олимпиадалык курамасы өз футбол тарыхында алгачкы ирет Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Кечээ түнү Ирак курамасы менен Япония курамасы да ойноп, япон курамасы 2:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган. Финал оюну 3-май күнү болуп өтөт.
Бул чемпионаттын эң мыкты үч командасы Азиянын өкүлдөрү катары Францияда өтүүчү Олимпиадага катышат. Төртүнчү мыкты команда плей-офф матчына катышат.