![Эртең 20 жылдан бери боло элек магниттик бороон болору күтүлүүдө Эртең 20 жылдан бери боло элек магниттик бороон болору күтүлүүдө](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/magnitnyeburi-1024x585.jpg)
11-май күнү 20 жылдан бери боло элек магниттик бороон болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Орусиянын илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономия лабораториясынын башчысы Сергей Богачевге шилтеме берип жазды «РИА новости».
Божомолдор боюнча жогорку деңгээлдеги магниттик бороон акыркы 3 күн ичинде Күндүн бетинде орун алган активдешүүдөн улам шартталган. Адис сезимтал адамдарды бул күнү уйку режимин сактап, катуу чарчоодон алыс болууга чакырды.
3-5-8-май күндөрү Күндүн бетинде ири жарылуулар болгон.