Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту 900 дөн ашуун милиция кызматкери камсыздаган. Майрамга карата оор жана өзгөчө кылмыштар, балдардын жоголуп кетүүсү катталган жок. Майрам облус аймагында тынч өткөн.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, шаарда жалпы 27 кылмыш жана окуялар катталган. 25 фактынын бети ( уурулук, тоноо) ачылган. Жоголгон балдар катталган жок.
Учурда патрулдук милиция кызматкерлери Ош шаарына жакын аймактагы эс алуу жайларын көзөмөлдөп жатышат. Анткени алдыда бүтүрүү кечелерине карата эс алууга келгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.