2024-жылдын 9-май күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 900 дөн ашык өздүк курамы облус аймагында 9-Май –Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулган иш-чараларда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кызматкерлер жаратылыш койнунда эс алууну каалагандарга ар кандай кокустуктарга кабылып калуудан сактануу, автоунаа айдоого укугу жок жаш өспүрүмдөрдүн автоунаа айдоосуна жол бербөө жана эл көп чогулган жерлерде жаш балдардын адашып кетүүсүнө сак болуу, адеп-ахлакка туура келбеген терс көрүнүштөрдү жасабоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Майрам күнү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 32 материал катталды. Анын ичиинде оор жана өзгөчө оор кылмыштар жана дайынсыз жоголгон жаш балдар болгон жок.Майрам күнү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 32 материал катталды. Анын ичиинде оор жана өзгөчө оор кылмыштар жана дайынсыз жоголгон жаш балдар болгон жок»,- деп айтылат маалыматта.