![10 миллион долларга бааланган муниципалдык жерди жеке менчикке өткөргөн деген шек менен УКТга байланышы бар жаран кармалды 10 миллион долларга бааланган муниципалдык жерди жеке менчикке өткөргөн деген шек менен УКТга байланышы бар жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/37147022-bdf7-4006-9c3b-f23b2e7d3b0d.jpg)
Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип, УКТ менен байланышы бар КР жараны А.М.Т. кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысын аныктады.
«Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу астында, алдоо жана коркутуу жолу менен С.Э. аттуу жарандын мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алган КР жараны А.М.Т кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аны менен катар, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы А.М.Т. атуу жарандын Бишкек шаарынын аймагындагы аянты 3 гектардан ашык, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 миллион АКШ долларын түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталды»,- деп айтылат маалыматта.
![10 миллион долларга бааланган муниципалдык жерди жеке менчикке өткөргөн деген шек менен УКТга байланышы бар жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/3b4c09d9-6e63-4289-bd56-ab58c5675fb6.jpg)
Мындан тышкары, А.М.Т. криминалдык авторитет менен туугандык байланыштын артына жашынып, көзөмөлдөөчү органдарды коркутуу жолу менен муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген 3 миллион сомдон ашык суммадагы ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес.
![10 миллион долларга бааланган муниципалдык жерди жеке менчикке өткөргөн деген шек менен УКТга байланышы бар жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/cd88bcfa-99a8-4d38-9718-ad9a3c68d598.jpg)
Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
![10 миллион долларга бааланган муниципалдык жерди жеке менчикке өткөргөн деген шек менен УКТга байланышы бар жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/add6928a-6ab3-4c63-8299-9522f5eb19f0-768x1024.jpg)
![10 миллион долларга бааланган муниципалдык жерди жеке менчикке өткөргөн деген шек менен УКТга байланышы бар жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/dc137896-2e03-45e2-b084-0186ce8e8876-1024x576.jpg)