Орусия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Мойка дарыясына автобус кулаган кырсыктан каза тапкан адамдарын саны жетиге жетти. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, 41 жана 28 жаштагы аял кишилер, 37 жаштагы эркек киши каза болду. Дагы бир маркумдун (эркек киши) өздүгү аныктала элек. Ал эми калган үч жүргүнчү тууралуу так маалымат айтыла элек. Жалпы 5 адам жаракат алган.
Окуя 10-күнү болуп, автобус алгач эки унааны сүзүп өтүп, Мойка дарыясынын тосмосун сүзүп, сууга кулаган. Автобустун ичиндеги видео тасмадан тараган видеого ылайык, айдоочу автобусту токтотууга аракет кылганын көрүүгө болот.
«Канал 78» жарыялаган маалымат боюнча, айдоочу дээрлик бир сутка тынымсыз иштегенин жубайы айтып чыккан.
«Жумуштагы нөөмөттө таңкы беште иштеп баштап, түнкү саат 2-3 чамасында үйгө келген. Кайра эрте мененки сегизге жетпей ойготуп, каттамга чыгууга мажбурлашкан», -деген айдоочунун жубайы.
Учурда айдоочу ооруканада күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда дарыланып жатат. Анын абалы орто оор деп бааланууда.