![Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана аныкталды Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана аныкталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/b417c920-55d6-40a6-9361-b8a8f8acec91-1024x768.jpg)
Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана табылды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан борбор калаада сойкукана уюштурууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган системалуу иш-чаралардын алкагында, 2024-жылдын 11-майында массаж салонуна жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана уюштурган КР жараны Д.А.Д. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
«Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган укалоочу жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда»,- деп айтылат маалыматта.
![Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана аныкталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2e6d19e4-d116-4e88-be8c-2fe4ace28ea8-1024x159.jpg)
КР УКМК интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.