![Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Ошто “Төлгө” спектаклин тартуулашты Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Ошто “Төлгө” спектаклин тартуулашты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441572282_484789357220241_117302344120975544_n-1024x678.jpg)
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери көрүүчүлөргө “Төлгө” спектаклин тартуулашты. Иш-чара Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары жана Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов катышты.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, чыгармачыл топко мыкты аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, таланты жана искусствого берилгендиги үчүн ыраазычылык баракча жана ардак грамота тапшырды.
![Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Ошто “Төлгө” спектаклин тартуулашты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/442412887_484789823886861_2075152597673635578_n-1024x683.jpg)
«Облус жетекчиси КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына токтолуп, маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жамаатка ыраазычылык билдирип жана бул чыгарманын тарыхый маанисине токтолуп, театрдын 27 жылдан бери биринчи жолу Ош жергесине келиши маданият тармагына өзгөчө коңүл бурулуп жаткандыгынын белгиси экенин белгиледи. Ал ошондой эле театрдын жамаатына мындан аркы чыгармачылыкта ийгиликтерди каалады»,- деп айтылат маалыматта.
![Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Ошто “Төлгө” спектаклин тартуулашты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/442417296_484789410553569_2573310292956515705_n-1024x662.jpg)
Театрдын директору Асылбек Өзүбеков Ош облусунун жетекчисине, тургундарына театрды жылуу кабыл алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
![Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Ошто “Төлгө” спектаклин тартуулашты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441537550_484789503886893_7765565740951657711_n-1024x683.jpg)
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты 15- майга чейин төмөнкү чыгармаларды тартуулайт:
- 12-майда Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу”;
- 13-майда Ж.Садыковдун “Эр Төштүк”;
- 14-майда А.Чеховдун “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы”;
- 15-майда Ш.Башбековдун “Темир аял”.