![Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имаровага соттун чечими чыкты Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имаровага соттун чечими чыкты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/1683687.c7e769ade1edf1125d8f668ea3086579.jpg)
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Матиев Курсантбек Борошевичге жана аталган башкармалыктын сатып алуулар бөлүмүнүн адиси Атабаев Расул Абдуманабовичке, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалагынын башчысы Имарова Канышай Камботоевнага Ош шаардык сотунун чечими чыкты. Бул маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы таркаткан маалыматта көрсөтүлгөн М.К., И.К, А.Р. инциалдары Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имаровага (И.К), аталган башкармалыктын башчысынын мурдагы орун басары Матиев Курсантбекке (М.К), аталган башкармалыктын дагы бир кызматкери Атабаев Расулдун (А.Р) аты-жөнүнө дал келет.
Былтыркы жылы Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык муницпалдык менчик башкармалагы 4 экскаватор алуу үчүн тендер жарыялап, тендерди уткан компанияга башкармалыктын башчысынын мурдагы орун басары М.К тендерди утууга жардам бергени үчүн, алынган техникалар сапатсыз боулп калганы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийинчерээк иш Ош ШИИБге өткөрүп берилген.
Бир катар ЖМКлар М.К инциалындагы адам Матиев Курсантбек экенин жазып чыгышкан. Ал эми Расул Атабаев Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгыын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы экени белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 10-майындагы өкүмүнүн негизинде М.К. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 348-беренесинин 2-бѳлүгү менен күнѳѳсүз деп табылып анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
И.К. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-беренесинин 2,3-бѳлүктѳрү, 346-беренесинин 2-бѳлүгү менен күнѳѳлү деп табылган.
И.К. карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-беренесинин 2,3-бѳлүктѳрү менен 10 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган, тактап айтканда мамлекеттин пайдасына 1 000 000 (бир миллион) сом ѳндүрүлүүсү белгиленген.
Кыргыз Республикасынын КЖКнин 346-беренесинин 2-бѳлүгү менен 5 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган, тактап айтканда мамлекеттин пайдасына 500 000 (беш жүз миң) сом ѳндүрүлүүсү белгиленген.
Кыргыз Республикасынын КЖКнин 77 — беренесинин негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча жарым-жартылай кошуу менен биротоло 11 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган, тактап айтканда мамлекеттин пайдасына 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң) сом ѳндүрүлүүсү белгиленген.
А.Р. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 41-беренесинин 4-бѳлүгү, 337-беренесинин 2-, 3-бѳлүктѳрү, 41-беренесинин 4-бѳлүгү, 346-беренесинин 2-бѳлүгү, 370-беренесинин 1-бѳлүгү менен күнѳѳлү деп табылган.
-Кыргыз Республикасынын КЖКнин 41-беренесинин 4-бѳлүгү, 337-беренесинин 2-, 3-бѳлүктѳрү менен 10 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган.
-Кыргыз Республикасынын КЖКнин 41-беренесинин 4-бѳлүгү, 346-беренесинин 2-бѳлүгү менен 5 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган.
-Кыргыз Республикасынын КЖКнин 370-беренесинин 1-бѳлүгү менен 1 (бир) жыл эркиндигинен ажыратуу жаза дайындалган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 67-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Р.А. Атабаевге дайындалган эркиндигинен ажыратуу жазаны жалпы тартиптеги түзѳтүү абактарында ѳтѳѳсү белгиленген.
““Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жѳнүндѳ” мыйзамдын 1-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Р.А. дайындалган эркиндигинен ажыратуу жазадан бошотулган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 77-беренесинин негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча жарым-жартылай кошуу менен биротоло 10 500 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып, тактап айтканда 1 050 000 (бир миллион элү миң) сом мамлекеттин пайдасына ѳндүрүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.