!["Рейхан" кафесине 23 миң сом айып пул салынып, жабылды "Рейхан" кафесине 23 миң сом айып пул салынып, жабылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/3d7ce817-2343-4f38-b4eb-595460da5765.jpg)
Ош шаарындагы “Рейхан” кафеси бүгүн, 14-майдан баштап жабылды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Сейит Курманазаров тастыктады.
Алдын ала маалым болгондой, арыздын негизинде, Экономомика министирлигинен алынган жолдонмо менен «Рейхан» кафеси текшерилип, жыйынтыгында жетекчиси Мамадалиев Махамадалиге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 214-беренесинин 5-бөлүгү менен 23 миң сом айып пул салынды.
“Катталган кемчиликтерди жоюу максатында «Рейхан» кафеси №05/2-176 санитардык көрсөтмөнүн негизинде 14-майдан убактылуу жабылды”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Бексултан Калыбеков аттуу «Фейсбук» колдонуучусу «Рейхан» кафесине үй-бүлөсү менен тамактанганы клегенин, жеп жаткан мантысынан уйдун бир топ кылы чыкканын жазып чыккан эле.
Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгы кафени текшерүү Экономика министрлигинин уруксаты менен гана ишке ашарын билдирген болчу.