!["Абдыш-Ата" менен "Дордойдун" оюнунда чыр чыкты "Абдыш-Ата" менен "Дордойдун" оюнунда чыр чыкты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2604830.962bb7b8495a765bae9e13061826b7d5.jpg)
Кечээ, 14-май күнү «Абдыш-Ата» клубу менен «Дордой» клубу Кыргыз премьер-лигасынын алкагында кез келди. «Дордой» клубунун майданында өткөн оюн учурдагы чемпион- «Абдыш-Ата» клубунун жеңилүүсү менен аяктаган.
Оюндун аягында эки клубдун күйөрмандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, кайым айтышуу болгон.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, оюндун аягында күйөрмандардын ортосунда кайым айтышуу болгон. Милиция кызмткерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, майда бейбаштык боюнча протокол түзүлгөн.
Милиция массалык мушташ болгон жок, деп билдирди.
«Абдыш-Ата» клубу Канат шаарынын клубу. «Пивочулар» Кыргыз премьер-лигасынын учурдагы чемпиону. Алар өз тарыхында өлкө чемпионатын эки ирет утту. Ошондой эле, аталган клуб кыргыз клубдарынан алгачкылардан болуп АФК Кубогунун тайпалык оюндарынан чыгып, плей-оффко жана жарым финалга чейин жеткен клуб болуп саналат. Быйылкы сезондо клуб алгачкы ирет жеңилүүгө учурады («Дордой» 3 — 0 «Абдыш-Ата»).